Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Бала бакчадагы бычакчан адамдын кол салуусунан 40ка жакын наристе жаракат алды
Бала бакчадагы бычакчан адамдын кол салуусунан 40ка жакын наристе жаракат алды
05-июнь, 12:10
1 067 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономдуу районунда жайгашкан бала бакчалардын биринде бычакчан адамдын кол салуусунан жарадар болгон балдар бар.
Жергиликтүү маалымат булактарынын айтымына караганда, окуя Ванву кыштагында болгон. Алты жашка жете элек балдар тарбияланып жаткан бала бакчада 40ка жакын наристе жаракат алды. Учурда бир баланын, бакчанын директорунун, дагы бир кароолчунун абалы оор экени айтылууда. Таң эрте күтүүсүз кол салган кылмышкер ал бакчанын кароолчусу болгон. Ал укук коргоо органдары тарабынан кармалып, бул кылмышка эмне түрткөнү такталууда.
Эскерте кетсек, Кытайда бычак менен мектепке, бала бакчаларга кол салган учурлар буга чейин да катталган.