Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 49 жаштагы аял келинин дубал сүздүрүп сабаган

49 жаштагы аял келинин дубал сүздүрүп сабаган

23-май, 13:19
977 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

49 жаштагы аял келинине кол көтөрүп, сот жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу жогорку соттун расмий сайтында жарыяланганын “Спутник” жазып чыкты.

Өкүмгө ылайык, окуя Ош облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда жабырлануучу маркум кайнатасына куран окутканы айылга барып, кайненеси менен уруша кеткен. Маалыматта жесир аял келинин "үйдөн чыгып кет" деп жулмалап дубал сүздүрүп, ден соолугуна зыян келтиргени айтылат.

Териштирүү маалында айыпталуучу ага карата кол көтөрбөгөндүгүн жана жөн гана "сен 15 жылдан бери келбей эмне келип калдың" деп кайрылгандыгын айткан.

Сот мурда-кийин соттолбогон беш баланын энесин 50 саатка коомдук жумушка тартуу чечимин кабыл алды. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер