14 жашар кызды 4 аңги зордуктаса, милиция кылмышты жашырып, пара сураган...

Токмок шаарында төбө чачты тик тургузган окуя желдей тарады. 14 жаштагы кызды 4 аңги алмак-салмак зордукташып, айбандык кумарларын кандырышкан. Кордолгон кыз тарабынан милицияга арыздануу жазылса, кылмышты жаап-жашырууга аракет жасашканын кандайча түшүнөбүз? Зордукчулар милиция менен тымызын сүйлөшүп, 2 миң доллар пара берип жаткан жеринен УКМК барып басканы айтылды. Жашы жете элек кызды кордошуп, зулумдук көрсөтүшүп, тебелеп-тепсеп жатышса, мунун баарына укук коргоочулар кайдыгер карашып, пара алуу менен ишти жашырууга жандалбас жасашканы акылга сыябы? Токмок ШИИБ начальниги Алмаз Айбашев менен Чүй ОИИБ башчысы Дамирбек Исаков да билмексенби? ИИМ жетекчилиги тарабынан жетекчилерге катаал жаза каралып, булардын ордуна эл, мамлекет үчүн иштей турган кадрларды көтөрүшсө... Ансыз да Дамирбек Исаковду Чүй ОИИБге караштуу жетекчилер тоготушпаса, анан ар кайсы райондордо башаламандыктар, балчыкка батуу көнүмүшкө айланат да, туурабы? Оңолобузбу, же жоголобузбу? Ириде сын-пикирден сабак алышпай, түркөй болуп бүтүшкөн эмеспи?..
"Азия Ньюс" гезити