Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кашкар Жунушалиевдин коомчулукка чыгарбай басып жаткан кыңыр иштери ачыкталабы?

Кашкар Жунушалиевдин коомчулукка чыгарбай басып жаткан кыңыр иштери ачыкталабы?

21-май, 17:52
3 939 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы убактарда ИИМдин ички иликтөө кызматкерлери тарабынан бир канча мыйзамсыз иштерге жол берилип, бирок жогорку жетекчилик тарабынан мындай көрүнүштөргө кайдыгер мамиле жасалгандыгы коомчулукка билинбей келген. Бул кызматтын негизги милдети – ички иштер органында кызмат өтөгөн кызматкерлердин укугун коргоо жана алар тарабынан мыйзамсыз жолдорго жол бербешин көзөмөлдөөчү орган болуп саналат. Тилекке каршы, бул кызмат дал ушул Кашкар Жунушалиев ИИМди жетектегенден бери өздөрү мыйзам бузушканы, кылмышка шектүүлөр иштеп жатышканы ыраспы? Бир топ суроолор менен түкшүмөлдөр жаралууда.

“Балык башынан сасыйт” болуп, бул кызматтын жетекчилери өздөрү бири-бирине арыз жаздырып, бирок ошол жазылган арыздарды министр Кашкар Жунушалиев билмексенге салып отурганын кандай түшүнсөк болот? 2020-жылдын 18-февралында ИИМдин нөөмөт бөлүмүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (РПП) ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Өскөнбаев Конок Жумашевичтин буйругунун негизинде ИИМдин кызматкери Абдыкалыков Рустамдын даттануу арызы КР кылмыш кодексинин 320-берененин 2-бөлүмү, 204-берененин 2-бөлүмүнүн негизинде катталган. Ал арызды ИИМдин түштүк аймагы боюнча ички иликтөө башкармалыктын кызматкери, милициянын подполковниги Абдыкалыков Рустам жазган. Бул кызматкердин даттануусунун себеби, 2019-жылдын июль айында аталган башкармалыктын начальниги, милициянын полковниги Акматов Талант Уметалиевич “мен министр менен сүйлөшүп, кызматтык даражаңды көтөрүп жана кезексиз полковник чинин алып берем” деп 2500 АКШ доллары өлчөмүндө акча алганы, бирок убадасын аткарбай жүргөндүгү анык беле? Даттанууда министрдин дарегине көрсөтүлгөндөй, Т.Акматовго карата мыйзам чегинде чара колдонушун суранганычы? Ушул жердеги кызыктуу жагдай, ал арызды Абдыкалыков Рустамды Оштон чакыртып алып, Т.Акматов орун басары Өскөнбаев Коноктун көрсөтмөсүнүн негизинде алгандыгы кийинчерээк ачыкталганычы? Көрсө, Өскөнбаев Конок министрдин колдоосу менен алдын ала сүйлөшүлүп, Акматов Талантка ор казып, анын ордуна баруу үчүн ушундай жат көрүнүшкө ык койгону өздүк курамдын ичинде билинип калганбы? Ошондон улам, жогорудагы РППга катталган арызды УКМКга өткөрүп берүүнүн ордуна министр мырза бул арыз боюнча 2020-жылдын 24-февралында ИИМдин башкы штабына кызматтык иликтөө жүргүзүү тууралуу буйрук кылганбы? Натыйжада Абдыкалыков Рустамды кысымга алышып, кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө түшүнүк кат жаздырышып, “Акматов Талантка карата көрсөтмөңдү өзгөртпөйсүң” деп Өскөнбаев Конок тарабынан көрсөтмө берилгенби? Мындай башаламандыкка жол берген Кашкар мырзага кандай түшүнсөк болот? Же “коомчулукка чыгарбасак, билинбей калат” дешкенби? 

Бул Өскөнбаев Коноктун акыркы эле соцтармактарга жайылган ИИМдин мурдагы кызматкери Керкебаев Нурлан менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн коомчулук жагымсыз көрүнүш катары кабыл алышканы байкалган. Ал кишинин дарегине бир канча терс комментарийлер жана маалыматтар жазылып, бирок изилденген эмес. Өлкөдө коменданттык саат киргизилип, элдин маанайы чөгүп турган мезгилде ИИМ кызматкерлери тууралуу бир канча жат жоруктар соцтармактарга жайылды. Ал эми 2020-жылдын 9-апрелинде ИИМдин кызматкерлерин “ичимдик ичип алышкан” деп дал ушул ички иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары Өскөнбаев Коноктун буйругунун негизинде соцтармакка чыгарылганбы? Ушундай чоң даражадагы жетекчи ИИМдин кызматкерлерин видеого тарттырып, соцтармактарга чыгартканы кызматтык этикага жана ички иштер органдарынын мыйзамына туура келбегендигин баарыбыз билебиз. Ансыз деле коомчулук өзгөчө абал киргизилгенден тарта милиция кызматкерлерине жакшы көз карашта эмес экени белгилүү эле. Ал эми Кашкар мырза жогорудагы факты боюнча үн каткысы келбейби? Демек, бул жерде министрдин чабалдыгы жана ИИМдин интригасына өзү да аралашканы көрүнүп турган жокпу? Болбосо, бул арыздын негизинде эки жетекчиге тез арада чара көрүп, жумуштан четтетиш керек болчу да. Ал эми карапайым кызматкерлер жаза басса, бир күндө эле жомокторду токутуп, мыйзамсыз жолдор менен болсо да жумуштан четтетишери айтылууда. ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерин “ичип алышыптыр” деген негизде өзгөчө абал убагында дал ушул ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары Өскөнбаев Конок тарабынан видеого тарттырып, соцтармактарга чыгаргандыгы үчүн эмнеге кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу чечим чыккан эмес? Бул кишинин артында чоң чырдуу иштер барбы?.. 

Артка кылчайсак, 2009-жылы Бишкек шаарынын Радищев көчөсүндөгү үйүнө белгисиз бирөөлөр Өскөнбаев Конокту коркутуу иретинде жардыруучу зат ыргытып кеткендиги боюнча окуя катталганы каңкууланат. (Ушул көрүнүш ошол кезде “Дело №...” гезитине жарыяланганын кантебиз?) Кийинчерээк бул окуяга шектелип А.Эшимбеков аттуу жаран кармалып, ал өз көрсөтмөсүндө ошол мезгилдеги финансы полициясынын кызматкери Өскөнбаев Конок аны кысымга алып, “бизнесиңди токтотуп, кылмыш ишин ачтырам” деп көп акча талап кылганы анык беле? Аргасыздан ушундай ишке баргандыгын айтып көрсөтмө бергенби? Мына ушундай “арты булганган” кадрларды азыркы министр кантип калкалап жүрөт?

“Бул кызматтын ичинде бир канча кылмыш иштери козголгон кызматкерлер иштейт экен, а эмне үчүн жетекчилик алардан арылбайт?” деген суроо туулат. Мисалы, ИИМдин борбордук аппаратында иштеген милициянын подполковниги, ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкери Ташпаев Казим Ташпаевичке карата 2016-2018-жылдар аралыгында эки кылмыш иши козголуп, бирок дале жоопко тартылбай келгени кандай (эшектин терилерин мыйзамсыз өткөргөнбү)? 2017-жылы Аксы райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 166-304-беренелери менен кылмыш иши козголуп, кийинчерээк Аксы райондук УКМК кызматына өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 221-беренесинин 3-бөлүмү менен токтотулганбы? Азыркы убакта Бишкек шаары боюнча УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүндө бул кызматкердин үстүнөн жазылган арыздын негизинде, кылмыш-жаза кодексинин талап кылуу беренеси менен кылмыш иши тергелип жатканын министр мырза билбейби? Бул шылуун жүк ташуучу айдоочулардан 5000 доллар өлчөмүндөгү пара талап кылгандыгы тууралуу кылмыш иши ачылганбы?

Билесиздер, Абдил Сегизбаев УКМКны бшкарып турганда ИИМдин ички иликтөө башкармалыгын анын бир тууган бөлөсү Көчөрбаев Искандер аттуу коррупцияга шектүү башкарган. Ошол мезгилде дал ушул Көчөрбаевдин колтугуна кирип алып, шаардагы МАИ кызматкерлеринен коркутуп-үркүтүп акча чогулткан, мурда “Дияр” кафесинде ырчылык милдетти аткарган Бейшекеев Канатты Өскөнбаев Конок менен Кашкар мырза көтөрмөлөшүп, карьералык секирик жасатыштыбы? Ушул адамдын колунан далай кызматкерлер мыйзамсыз каралоо менен жумуштарынан кеткендигин кызматкерлер айтышты. Таңкалычтуусу, бул кызматкердин мурда басып өткөн жолун карасаң, шаардагы кафелерде ырчы болуп жүрүп эле анан кантип бул кызматка келип калгандыгы кызыгуу жаратат бекен? Эмне, Кашкар мырзага мындай маалыматтар жетпейби? 

2019-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарынын Абай Кунанбаев жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ушул эле кызматтын ыкчам оперлери тарабынан Октябрь РИИБнин криминалдык кызматынын үч кызматкери Эдил Кыдыров жана Б.С., К.А. “Ж.К. аттуу тергөөчү К.Ж. аттуу жарандан 1000 АКШ доллар өлчөмүндөгү пара алды” деп кылмышка шектүү кылып, ЭККК (ГСБЭП) тергөөчүлөрү менен кармашканын жар салышкан. Бул маалымат бүт массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, коомчулуктун дагы бир жолу милицияга карата ой пикирлери бузулган болчу. Бирок, бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө ички иликтөө кызматкерлеринин жана тергөөчүнүн мыйзамды одоно бузгандыгы эске алынып, эки айга камалган. Анан СИЗО-1 жайынан күнөөсүз отурган кызматкерлер кайрадан “кылмыштын курамы жок” деп табылып, кылмыш иши кыскарып, коё берилген. Көрсө, тергөөнүн жүрүшүндө “кызматкерлердин автоунаасынын ичинен табылды” деген (тинтүү протоколунда көрсөтүлгөн) 1000  АКШ доллары жок болуп чыккандыгы аныкталган. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде автоунаага ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бейшекеев Канат жана Ташпаев Казим чөнтөгүнөн 200 АКШ долларын таштап койгондугу аныкталды беле? Бул кылмыш ишин тергеген Молдобаев Эмил ызы-чуудан кийин өз каалоосу менен жумуштан кеткендиги ырасталган. Эң кызыгы, эки ай түрмөдө күнөөсү жок отурган балдар “арыз жазабыз” дешсе, “эч жакка арызданбагыла, кайрадан жумушуңарга барып иштейсиңер” деп ички иликтөө башкармалыгынын жетекчилери жана Октябрь РИИБнин башчысы Султанов Улан суранышып, “министрге сөз тийип калат” деп бул ишти эч жакка чыгарбаганга аракет жасашканбы? Бүгүнкү күндө бул үч кызматкер эки ай түрмөдө отурушуп, кайрадан Октябрь РИИБда кызмат өтөшүүдө. 

Эмне үчүн жогорудагы аты аталган ички иликтөө кызматынын кызматкерлерине чара колдонулган эмес? Эмне, министр бул тууралуу да эч нерсе билбейби? Эки ай түрмөдө отурган балдардын психикасы, алардын үй-бүлөлөрү буларды кызыктырбайбы? Эмне үчүн мыйзамсыз камоо боюнча териштирүү жүргүзүлбөйт?

2020-жылдын 6-апрелинен 7-апрелине караган түнү Жайыл РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери ичимдик ичип алышып, бири-бирине ок атуучу курал колдонушуп, жыйынтыгында бирөөсү бутунан жаракат алып (ок тийип), Жайыл районундагы жеке клиникага кайрылганбы? Окуя болгон жерге жетекчилиги келип, бул окуяны да эч жакка чыгарбаганга аркет кылышканбы? Кызык жагдай. Эмне үчүн министр мырза кызматтык иликтөө жүргүзгөнгө ички иликтөө кызматына тапшырма берген эмес? Же Жайыл РИИБнин начальнигинин орун басары болуп Памир Асановдун (ИИМдин орун басары, Кашкардын сүймөнчүгүнө ээ адам) баласын коргош үчүн коомчулукка чыгаргысы келген жокпу? Бул окуя боюнча азыр УКМКнын тергөө башкармалыгында тергөө иштери жүрүп жатканын Кашкар мырза билбейби? Мындай көрүнүштөр ИИМдин ичинде батпай кеткен жокпу?

Азыркы министрдин чабалдыгынын негизги себеби, бул киши кылмыш иликтөө кызматында бир күн да иштебегендиги жана өмүр бою тышкы кызматта иштеп келгендиги үчүн оперативдик кырдалды жөнгө сала албай, туура талдоо жүргүзө албагандыгында эмеспи? Негизи, карап көрсөңүздөр, бүт постсоветтик мамлекеттерде ички иштер министрлигин оперативдүү кызматты өтөп келген жетекчилер башкарып келет. Бир гана бизде кызмат таржымалынын 20 жылдай убактысын аймактык тескөөчү (участковый) болуп иштеген киши башкарып, ошон үчүн башаламандык өкүм сүрүп жаткан жокпу?..


Раис Бакбергенов 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
(Видео) Алматы көчөлөрүндө адамдар кулай баштады. Себеби?..
“Кремлде” делген Самаранын концерти айылдагы клубдун деңгээлинде өттүбү?
(Видео) Муфтий Максат ажыдан мындай соккуну эч ким күткөн эмес...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер