Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Өзбекстандык адам өзүнө жана 80 жаштагы атасына өрт коюп, экөө тең каза болгон
Өзбекстандык адам өзүнө жана 80 жаштагы атасына өрт коюп, экөө тең каза болгон
19-май, 12:47
383 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Карши шаарынын тургуну үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнө жана 80 жаштагы атасына өрт коюп, андан экөө тең каза болду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү «Азаттыктын» өзбек кызматы өлкөнүн башкы прокуратурасына шилтеме кылып кабарлаган.
“Маалыматка ылайык, окуя 17-майда түштөн кийин болгон. 1974-жылы туулган тургун биринчи топтогу майып атасы менен урушуп кеткен. Уруштун натыйжасында ал желим шишедеги бензинди өзүнө жана атасына чачып жиберген. Аны токтотуу максатында артынан кирген келининин жана бир тууганынын эки кичинекей баласынын көзүнчө ширеңке күйгүзүп, өзүн жана атасын өрттөп жиберген. Натыйжада экөө тең алган жарааттарынан улам каза болду” деп айтылат башкы прокуратуранын расмий маалыматында.
Учурда үйдөгү келин жана анын эки уулу, ошондой эле жардамга келген дагы бир үй-бүлө мүчөсү түрдүү деңгээлдеги күйүк менен ооруканада жатышат. Шаардык прокуратура ошол эле күнү «атайылап киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Үй-бүлөлүк чырга эмне себеп болгону айтылган эмес.