Коррупцияга айыпталган Нурлан Сулайманов качан жазасын алат?
Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протокол чыры менен Адахан Мадумаров камакка алынды. Эл арасында талкуу жаралды. Талаш жараткан окуя Курманбек Бакиевдин кандуу режимине туш келип атпайбы. Андагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов протоколду ишке ашыруудагы негизги фигура катары каралып, бирок Адахан Мадумаров менен кошо жоопкерчилик тартпаганын кантебиз? Кош стандарттуулук эмеспи? Учурда Сулайманов өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси катары жол, коммуникациялар тармагын тейлеп, ири каржылык булактарга кол салып ийген жокпу?
Бул эргул 2010-жылдын 7-апрелине чейин үч жыл министрлик креслодон түшпөй, миллиондорду кымырып, кийин “куйрук түйүп” кеткени маалым. Алмазбек Атамбаевдин доорунда кылмыш иштери козголуп, качып кетип, убакытты өткөрүү менен кайра кайтып келген. Коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу иштери боюнча жоопкерчилиги каралбай, көп калбырды мойнуна көтөрүп жүрөт. 2 миллион доллар сарптап, Ошко элиталык мончо курганын баласы жар салып, мактанган жайы бар. Мамлекеттен уурдаганын бизнеске салганы ушулбу? Жеке басар катары ишканаларды ачканы да айтылып келет.
Негизи Нурлан Сулайманов кыйын экен, элдин ырыскысынан өөнөгөн миллиондоруна ишкерликти жандантып, баласы Элдарды парламентке депутат кылып, байбачалык доорду сүрүп аткан чак. Бул бийликтин колтугуна кирип, калкаланып калса эле кубанбай коё турсун. Мерчеми келет. Нурлан Сулаймановду жазалай турган да мезгил алыс эмес.