Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Самаковдун добуш сатып алуусун тейлеген кыз качып кеттиби?

Кубанычбек Самаковдун добуш сатып алуусун тейлеген кыз качып кеттиби?

14-сентябрь, 19:44
314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бизге жеткен маалыматка караганда, ИИМдин кызматкерлери бир мандаттуу Ленин округу боюнча шайлоого көзөмөл кылышып, Арча-Бешик конушундагы кварталдык өкүлдү кармашып, үйүн тинткенде добуш сатып алууга киришкени, ири суммадагы акчаларды таратып жетишкени аныкталып, бул таризде күбөлөр, добушун саткандар суралган.

Талапкер Кубанычбек Самаковго добуш сатып алууну бир кыз тейлеп (органдар аты-жөнүн тактаган), кварталдык өкүлгө ири каражат бергени ачыкталып, бирок ал колго түшпөй, качып кеткени кандай? Атайын көздөн далдоо кармап атышабы? Мына ушуну кармашса, Кубанычбек Самаковдун ыпластыгы толук кандуу далилденери айтылууда. Негизи тергөөдө жетиштүү материалдар каралып, дагы кошумчаланабы? Береги качып кеткен кыз боюнча көрсөтмөлөр берилгенин эшиттик. 

Тилекке каршы, көшөгө артынан ата-бала Самаковдор бийликтин айрым төбөлдөрүнө жүгүнүшүп, кыңыр иштерин жаап кеткени турушабы? Атаандаш талапкерлер жана коомчулук тарабынан Кубанычбек Самаковдун мыйзам бузганы айтылып атса, тийешелүү материалдар берилсе, эмнеге адилеттүү чечим чыкпай, убакытты создуктура башташты? Кыскасы, жогорудагы качкан кыз кармалса, баардык сырларды айтып, “ырдап” берсе керек...

“Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” дейт. Анын сыңарындай, актануу менен мандат алганга жанталашып жатышабы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер