Айзаданын өлүмү боюнча Матмусаев, Казакеев, Базаркулов... дагы кимдер айыпталат?


2021-жылы 5-апрелде Айзада Канатбекова уурдалып, Замирбек аттуу канкордун колунан каза тапкан. Бул окуя эл аралык коомчукка чейин резонанс берип, кыйла талкуу жараткан эле. Натыйжада, Бишкек ШИИБ башчысы Бакыт Матмусаев, Биринчи Май РИИБ начальниги Акылбек Казакеев, орун басары Искен Базаркулов ж.б. чиновниктер шалаакылыкка айыпталышып, кызматтарынан кетишкен. Таңгалычтуу жагдай, каргашалуу көрүнүшкө укуктук жактан баа берилген эмес. Териштирүү башталганы кабарланып, бирок кандайдыр бир себептер менен басылып калган.
Соңку убакта УКМК Айзаданын өлүмүнүн алкагында иликтөөсүн баштап, тийешелүү кызмат адамдарын суракка чакырышканы, кылмыш иши козголгону кабарланды. Жакында тергөө бүтсө, сотко өтүп, чекит коюларын эшиттик. Шалаакылыкка айыпталган Бакыт Матмусаев, Акылбек Казакеев, Искен Базаркулов негизги фигуранттар болобу? Бул үчөөнөн сырткары да бир топ жетекчилер жоопко тартылышы мүмкүн. Дал ушул жерден баса белгилей кетели, Искен Базаркулов учурда Чүй ОИИБ начальнигинин орун басары кызматын аркалап отурат. Кайсы моралдык жоопкерчилик менен? Бизге жеткен маалыматтан алсак, бул кадрды ИИМдин орун басары Адылбек Бийбосунов калкалап, кызматтык карьерасына кам көрүп келгени ачыкталабы? “Балык башынан сасыйт” деген ушулбу?
Эмесе, реплика ордуна артка кылчаялы. Ошол каргашалуу күнү бир үй-бүлөнүн чырактай кызы Айзаданы канкор Замирбек кечке машинасына салып жүргөн, Кара-Балтага чейин барышып, кайра шаарга келишкени белгилүү. Ал аралыкта милиция менен сүйлөшүп да жатышкан. Аныгында, Бишкек ШИИБ тарабынан “перехват” аракети көрүлбөй, кайдыгер мамиле жасалганы факт. “Кызыңарды ала качып кетсе, той жейсиңер...” деген шылдыңдуу сөз айтылганы эсибизде. Эгерде ыкчам түрдө издөөгө алынганда, бөөдө өлүм болмок эмес. Орган кызматкерлеринин алсыз жанга кош көңүл мамиле кылышканы өкүнүчтүү. Баардыгы кашкайып тургандай, убагында адилеттүү баа берилбесе, сабак алышпайт экен да. Андан бери канча кыздар зордукталды, өлдү, кордолууда... Мындай аянычтуу көрүнүштөр жай турмуштагы көнүмүшкө айландыбы?










