Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өспүрүм кыз зордукталып, жанын кыйды. Убалы Ногойбаев менен Нарчаевдеби?

Өспүрүм кыз зордукталып, жанын кыйды. Убалы Ногойбаев менен Нарчаевдеби?

21-март, 11:30
4 275 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда жашы жетпеген канчалаган өспүрүм кыздар зордукталып, кор болуп келишет. Анын баарын санап, тизмектеп отурсаң сөз көбөйөт. Андыктан, биз соңку аянычтуу окуядан кеп козгойлу. Балким коомчулукка, милицияга сабак болушу мүмкүн.

Ооба, бул суук кабарды ишенимдүү булагыбыздан алдык...

Өткөн жылдын ноябрь айында Свердлов районунан 13 жашар кыз жоголуп, издөөгө алына баштайт. Көп өтпөй Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндөгү үйдөн табылып, ал жерден ычкыры бош аңги тарабынан зордукталганы, кордолгону ачыкталат. Ыңгайдан пайдаланышып, Свердлов РИИБнин кызматкерлери кылмыш ишин Ленин РИИБге түртө салышканын карагылачы! Окуя кайсы жерде болсо, ошол аймактын милициясы тергейт шекилинде. Ошентип, териштирүү иштери башталат. Судмедэкспертизанын тыянагы менен анализдер бурмаланып, көмүскө сүйлөшүүлөр жүрүп, тергөөчү ишти кыскартып салган. “Кыздыгы мурда эле жок экен” деген бүтүмгө келишет. Зордуктаган эргулдун акчасы көппү, айтор, резонанс жараларда бас-бас кылышканын кара. Тестиер кыз болсо... Кандайча?

Жакында башкы прокуратура Ленин РИИБнин өткөн жылдагы иштерин текшерип жатып, 13 жашар кызга байланыштуу кылмыштын кыскарып кеткенин кайрадан көтөрүп, көп былыктарды ачыктайт. Жыйынтыгында, Ленин РИИБнин эки тергөөчүсү, судмедэксперт жана зордуктаган адам камалат. Бул аралыкта жабырлануучу өспүрүм улам суракка алынып, ага чейинки милициянын психологиялык басымынан да чүнчүгөнбү, айтор, күтүүсүздөн өз жанын кыйганга барат. Бир эсе зордуктоого кабылып, экинчи жагынан укук коргоо органдары моралдык жактан кордосо, ызага, муңга батса, ички дүйнөсүнүн муздак карама-каршылыгын жеңе албай, акыры өзүн өлтүргөнгө жетиптир да... 

Албетте, мындай трагедияга милиция жетекчилеринин түздөн-түз күнөөсү бар. Ленин РИИБ начальниги Бактыбек Нарчаев убагында оор кылмышка шектүүнү камап, мыйзамга жараша баа бергенде, ошого катар өспүрүм кызга моралдык колдоо көрсөтүп, кыйын кырдаалдан чыгууга көмөктөшкөндө, аягы өкүнүч менен аяктамак эмес. Тескерисинче, карарган кайдыгерлик орун алган. Аныгында кылмыш ишинин кандайча кыскарып кеткенин ачыктоо керек. Кайсы бир таасирдүү адамдар аралаштыбы, же акча алып коюштубу? 

Ал эми Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевдин шалаакылыгы, кол астындагылардан мыйзамдуулукту, тартипти талап кыла албаганы ушул, ар кимиси өз билгенин кылышып, акырында коомдогу кризистик абалды жаратышууда. Буга чейин да Бишкек шаарынан жашы жете элек кыздар зордукталып, аларды да жаап-жашырууга аракеттер жасалган. ЖМКларга канча жазылды? 

Дал ушул Азамат Ногойбаевди Чүйдүн генералдары “калкалап”, иштей албаса да кызматында кармап отурушат. Ал эми Бактыбек Нарчаев Ленин РИИБ начальнигине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев аркылуу дайындалганы жалганбы? Экөө бири-бирине төп келишкен достордон эмеспи. Ушундай. Кадр саясатынын ыраатсыздыгы, өң-таанышка ыкташканы менен кандай гана терс көрүнүштөр орун алууда? Боёcу канды... 

Ток этерине келсек, 13 жашар кыздын убалы Ногойбаев менен Нарчаевдеби? Булардын мурдун балта кеспей калды го! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер