Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Камалган Кайрат Чокеевдин артында кайсы шефи турат?
Камалган Кайрат Чокеевдин артында кайсы шефи турат?
16-март, 13:06

Жакында Токмок шаар кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев камакка алынган. Ал Яндекс Go такси кызматынын Токмокто иштөөсүнө каршы чыгып, коркутуп, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп саларын айтат. Минтип үрөй учуруп атса, арыз жазылат да. Натыйжада, милиция Кайрат Чокеевди камакка алган. Эмне үчүн мындай аракетке барган? Бизге жеткен маалымат боюнча, Кайрат Чокеевдин шефине караштуу такси кызматы бар экени айтылууда. Атаандаштык жаралбаш үчүн Яндекс Go фирмасын сүрүп чыгууну көздөшкөнбү? Аз күндө толук кандуу материалдар келип түшсө, биз текшерип, бул чатактын артында кимдер турганын, жасаган кыянатчылыктарын жана алардын уюшкан тобу боюнча толук кандуу чагылдырабыз. "Азия Ньюс" гезити











