Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Сокулукта кытайлык ишкерлерди карактап, жарым миллион сомдон ашык акчаны алып кетишкен
Сокулукта кытайлык ишкерлерди карактап, жарым миллион сомдон ашык акчаны алып кетишкен
13-январь, 12:15

Сокулук районунда чет өлкөлүк 2 ишкер каракталган.Милиция билдиргендей, окуя 9-январда Сокулук айылында болгон. Таңкы саат 5:00
чамасында Фрунзе көчөсүндөгү «Ремп Групп» компаниясына бет капчан, тапанча
көтөргөн адамдар кол салган. Алар компаниянын кызматкерин жана 2 кытайлык
ишкерди сабап, аларды жип менен байлап, 650 миң сом акчаны алып, качып
кетишкен.
Бул факт карактоо беренеси менен катталган жана тергөө иши Ички иштер
министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүндө болчу.
Жыйынтыгында, милиция кызматкерлери 5 адамды кармашты. Алар:
Балыкчы шаарында төрөлгөн:
- 1992-жылы туулган А.Н., уюшкан кылмыштуу тпотун мүчөсү,
- 1993-жылы туулган А.А.,
01.2023, 12:12 Сокулукта кытайлык ишкерлерди карактап, жарым миллион сомдон ашык акчаны алып кетишкен
- 1989-жылы туулган М.А.,
- 1991-жылы туулган Т.А.,
Бишкек шаарынын тургуну:
- 1992-жылы туулган А.Н..
Тергөө уланууда.
barakelde.org











