Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир туугандар бир үй-бүлөнү байлап, 2,2 млн сомун алып кетишкен. Акча тергөөчүнүн кабинетинде кайтарылды

Бир туугандар бир үй-бүлөнү байлап, 2,2 млн сомун алып кетишкен. Акча тергөөчүнүн кабинетинде кайтарылды

29-декабрь, 12:57
6 173 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

   

  Жайыл районунда адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө учурунда каракчылык фактысы аныкталып, кылмышка шектүү катары бир туугандар кармалды. Жайыл РИИБ тарабынан 1973-жылы туулган жаран Х.И.ни өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Окуя 2022-жылдын 1-декабрында катталган. Аны башка атып кетишкен. Аталган кылмыш ишинин алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Жайыл районунун аймагында тоноо фактысы аныкталган. 1984-жылы туулган Т.В. аттуу жаран сурак учурунда буларды билдирген. 2022-жылдын 18- июль күнү саат 23:30 чамасында белгисиз адамдар белгисиз үлгүдөгү тапанча жана бычак менен үйүнө кирип, ага жана анын үй-бүлөсүнө карата физикалык күч колдонуп, колдорун байлап, коркутуп, 2 миллион 200 миң сомдон ашык акча каражатын тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирген. Аталган факт 2022-жылдын 27-декабрында Жайыл РИИБ тарабынан Кылмыштардын реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 1-бөлүмүнүн (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чүй ОИИББдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Жайыл РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте бул кылмышка шектүү адамдарды аныктап, алар: мурда адам өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалган Д.Б. жана бир туугандар — 1987-жылы туулган К.Ф. жана 1988-жылы туулган К.А. болуп чыккан. Ага-ини күнөөсүн мойнуна алып, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн кабинетинде келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 2 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акчаны чыгарып беришкен. Бир туугандар — 1987-жылы туулган К.Ф. жана 1988-жылы туулган К.А. Кылмышпроцессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда. 


turmush.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер