Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өз баласын ырайымсыздык менен сабаган аялга кылмыш иши козголду

Өз баласын ырайымсыздык менен сабаган аялга кылмыш иши козголду

27-декабрь, 18:14
780 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Самарканд облусунун Ургут районунда өзүнүн кичинекей баласын сабап жатканын видеого тартып, аны Россияда иштеп жүргөн күйөөсүнө жөнөткөн аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин соцтармактарда жинденген аялдын кичинекей баласын ырайымсыздык менен сабап жатканы тартылган видеотасма тараган. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, видео 24-декабрда тартылган. Россияда иштеп жүргөн күйөөсү менен урушуп кеткен аял аны жолдошуна жөнөтүп, "балдарыңды өлтүрөм" деп коркуткан.

Аялга каршы"Өлтүрүү, зомбулук көрсөтүү менен коркутуу" жана "Кыйноо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Сабалган бала учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер