Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УКМК Сузакта дагы милиция кызматкерлерин кармады

УКМК Сузакта дагы милиция кызматкерлерин кармады

27-декабрь, 12:28
697 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

26-декабрда УКМКнын кызматкерлери Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысын жана анын кол алдындагы 2 кызматкерди кармады. УКМК билдиргендей, кармалгандар кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жатышат.

Ушул жылы 9-декабрда Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндө 10 адамдан турган кылмыштуу топ курал-жарак колдонуу менен каракчылыкка барышкан. Анын кесепетинен Д.А. аттуу жаран бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөн.

«Бирок Сузак РИИБнин кызматкерлери материалдар жетиштүү болсо дагы, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жүргөн жерин аныктоо жана аларды кармоо боюнча иш алып барган эмес. Милиция кызматкерлери кылмыштуу топтон ири суммада пара алышканы аныкталды. РИИБ кызматкерлери шектүүлөрдүн туугандары менен бир нече ирет жолугуп, кылмышты жашыруу үчүн канча акча алууга макул экенин айтышкан» дейт УКМК.

Ошондой эле милиция кызматкерлери колго түшкөн жарандардан уруксат кагазы жок травматикалык тапанчаны алып, бирок аны каттабастан, өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул тапанча тинтүү учурунда Сузак РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин кабинетинен табылган.

УКМК жогоруда айтылган кылмыштуу топтун 5 мүчөсүн кармады. Учурда топтун башка мүчөлөрүнүн жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер уланууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер