Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Сузакта 30 жаштагы келиндин сөөгү камыштын арасынан табылды
Сузакта 30 жаштагы келиндин сөөгү камыштын арасынан табылды
27-декабрь, 12:24

Сузакта адам өлтүрүүгө шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Кабарлангандай, милицияга 32 жаштагы район тургуну кайрылып, 23-декабрь күнү болжол менен саат 09:00 чамасында 30 жаштагы жубайы “төркүнүмө барып келем” деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында, 25-декабрь күнү саат 12:00 чамаларында Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан агып өткөн суунун ичинен, дайынсыз болуп жаткан келиндин жансыз денеси табылган. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, мойнунда аял кишинин жоолугу оролуп, чачтары жазылган абалда жаткандыгы аныкталган.










