Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзгөндө окуучулар арасындагы мушташта 16 жаштагы бала каза болду

Өзгөндө окуучулар арасындагы мушташта 16 жаштагы бала каза болду

22-декабрь, 12:05
490 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы кесиптик лицейдин окуучулары мушташып, 16 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Милициянын маалыматына караганда, 20-декабрда кечки саат 21:30 чамасында аталган аймактагы №62 кесиптик лицейдин окуучуларынын мушташы тууралуу кабар түшкөн.

Күбөлөр 3-курстун студенти, 17 жаштагы жигит 16 жаштагы уланды көкүрөк тушка муштап жибергенде ал эс-учун жоготуп, окуя болгон жерде каза болгонун айтышкан.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Милиция териштирүү иштери уланып жатканын билдирди. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер