Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Таласта өспүрүм асынып алган жеринен табылды
Таласта өспүрүм асынып алган жеринен табылды
20-декабрь, 12:31


Окуя тууралуу милицияга эки күндөн кийин кабарланды. Бул тууралуу Талас облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
19-декабрда милицияга 8-класстын окуучусунун жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы жеке үйдүн короосунда мектеп окуучусу асынып алганы, анын сөөгүн туугандары буга чейин көмүп коюшкандыгы жеринде аныкталган. Ошол эле учурда алар экспертиза жүргүзүүдөн жана кимдир бирөөгө дооматтарды жазуудан баш тартышкан. Бирок эки күндөн кийин гана билдирүү түшкөндүктөн, укук коргоо органдары текшерүүдө.










