Сот Эрлан Бекчоро уулун камакта калтырды

13-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан активист Эрлан Бекчоро уулун 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

Ушул эле күнү райондук сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровдун, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун да камактагы мөөнөтүн эки айга узарткан.
Буга чейин ушул иш боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов жана экс-депутат депутат Орозайым Нарматова да 20-февралга чейин камакта калган.
Дагы бир нече адамдын бөгөт чарасын өзгөртүү же ошол бойдон калтыруу маселеси каралашы керек. Алар – Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана укук коргоочу Рита Карасартова.
Быйыл 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.










