Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Түптөгү обсервация жайынын терезелери талкаланды
Түптөгү обсервация жайынын терезелери талкаланды
01-апрель, 13:42
1 038 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда жергиликтүү милиция коронавируска байланыштуу обсервацияга адамдар жаткырылган жайдагы окуяны териштирип жатат.
1-апрелге караган түнү райондун Ысык-Көл айылындагы “Маяк” балдар лагерине белгисиз бирөөлөр келип, терезелерди талкалап кетишкен. Баштапкы маалыматка караганда, алар бул жерде обсервация болушуна каршы чыгышкан.
Буга чейин ушул айылдын эли Байзак жана Түп айылдарынан райондук ооруканага жаткырылган эки дааватчынын үй-бүлөсүн киргизбей койгону айтылган. Жергиликтүү бийлик «аларды балдар лагерине жаткырабыз» деген.