“Лемонти” – Батукаев эмес! “Алдууга атылган, алсызга кол сунган” дешет
Кыргыздын салты бар. Душманы тиги дүйнөгө өтүп кетсе жамандабайт... Аз күн мурун “Лемонти” каймана атындагы кримавторитет Алмаз Сулайманов Нарында бычакталып өлтүрүлдү. Милиция бул кылмыштуулукту алдына алууга жараган жок. “Болору болду, боесу канды” дейт.
Натыйжада, соцтармактарда Алмаз Сулаймановду жамандагандарды кандайча түшүнөбүз? Пастык го... Ооба, бул адам убагында криминалдык разборкаларга катышып, оор кылмыш жасап, анүчүн узак жылдар бою түрмөдө отуруп чыккан. Жазасын алган да. “Лемонтини” билгендер баалашат. Ал Батукаевдей кыргыз балдарын кордобой, тескерисинче, колдоп, абактагы өздөрүнүн мыйзамына жараша тартипти камсыздаганын айтышат. “Алдууга атылган, асызга кол сунган адилеттүү болчу” дешет.
Тагдыры ушундай экен, жаш тайында башка жолго түшүп алган. Бул үчүн ошол кездеги коом күнөөлүү. 1980-жылдын аягы кайра курууга туш келип, чыйрак балдардын көпчүлүгү рекетчиликке шыктанып, тыңчыкмалар тескери жолго азгырылганын билебиз. Мезгил шары акыры баарын ордуна койгон сыңары, “Лемонти” да кылмыш дүйнөсүнөн өз ордун таба алган. Ал аз убакыт мурда жатак абагына чыкса керек, ага чейин түрмөлөрдүн баарын башкарып, “Бродяга” статусунда экенин укканбыз.
Ошентип, Алмаз Сулаймановдун ичер суусу түгөнүптүр. Бул чөйрө ушундай, качан бычактап кетет, же ок жаңылабы, айтор, кайсы бир учурдагы кол салууну күтүп жашайсың. “Ажал улук” дейт. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, Алмаз мырза!
Э.Карымшаков, Бишкек шаары