Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Султанов 180 миң долларды бөлүшүп “жемек” беле?

Улан Султанов 180 миң долларды бөлүшүп “жемек” беле?

26-декабрь, 20:26
4 294 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИИМ жетекчилиги милициянын айлыгын көтөрүп, материалдык-техникалык базасын чыңдап, иштегенге баардык шарттарды түзүп берүүдө. Коопсуздукту сактоого жана кылмыш ачууга дээрлик мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Тек гана эмгектениш керек. Тилекке каршы, “кой аксагы менен миң” демекчи, улам эле “сасыткылар” чыга берет тура. 

Жалпысынан ИИМ тазалануу багытында баратат, бирок баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги Улан Султанов тазарбай койду. Жакында эле көздөй кадры шериги менен 180 миң доллар пара талап кылып, анын 90 миң долларын алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалышты. Жөнөкөй кызматкер мынчалык ири суммадагы акчаны шефине таянуу менен албаса, жалгыз өзү сиңирип кетүүсү кыйын го? Дал ушул кылмыш иши дыкат иликтенсе, Улан Султановдун көзөмөлүндө уюшулганы ачыкталабы? Же кармалган кызматкер сатпай коёбу? Жетекчинин моралдык жоопкерчилиги каралбайбы? Айтор, соболдор арбын. 

Негизи өнүккөн өлкөлөрдө кол астындагы кызматкери коррупцияга айыпталып кармалса, начальниги кызматтан токтоосуз түрдө кетет. Мындай жазалоо жалпы коллективге сабак катары каралып, тийешелүү түрдө кошумча чаралар да колдонулары айкын. А биздечи? Улан Султановдун “мурдун балта кеспейт” тура. Бул эргул эчен жылдан бери милициянын аркасынан кыртышы калыңдап, жакшы эле байыса, эми ИИМди уят кылбай ордун татыктуу кадрга бошотуп, пенсияга кетип калбайбы? Буга чейин да өздүк курамынан пара алууга айыпталышып, ар кандай мыйзам бузуулар боюнча сын-пикирлер айтылып келген. 


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер