Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Индиялык студентти сабагандар кармалды
Индиялык студентти сабагандар кармалды
11-май, 12:03
494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы баркармалыгынын кызматкерлери Индия жарандарынын денесине залака келтирген шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин социалдык түйүндөрдө Бишкек шаарындагы Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин ичинен белгисиз жарандар индиялык жарандардын денесине залал келтирип жаткан видеотасма тараган.
Аталган окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде каралган («Бейбаштык») кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык милициясынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 2000-жылы туулган Н.С. жана 2004-жылы туулган Б.К. аттуу жарандардын өздүгү такталып, тергөө кызматына жеткирилген. Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, алар Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.