Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупцияга айланган жогорку окуу жайларын билесиңерби?

Коррупцияга айланган жогорку окуу жайларын билесиңерби?

05-май, 09:47
627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыр Кыргызстанда 76 университет 230 миңдин тегерегинде студент бар. Студенттердин, окуу жайлардын саны жагынан алганда дүйнөдө алдыңкы орунду бербейт. Бирок сапаты жагынан артынан биринчи орундардын бирин уялбай эле ээлеп турган кези. Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайлары Пакистандын кара тизмесине кирген. Мамлекеттик эмес жаштар уюмдарынын сурамжылоосуна караганда, И.Ахунбаев атындагы медициналык академия коррупция боюнча өлкөбүздө биринчи орунга, ОшМУ экинчи, И.Раззаков атындагы техникалык университет үчүнчү, Б.Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университети төртүнчү орунга чыккан.

Ушундай оор жагдайды эске алуу менен билим берүү министрлиги мындан 3 жыл мурда “2040-жылга чейин 3 университетти дүйнөдөгү эң мыкты 200 университеттин катарына кошконго сүрөйбүз” деп жар салган. Эми болсо билим берүү министрлигинин амбициялуу жаңы жетекчилиги 2040-жылга чейин күтүп отурбай, 5 университетти “эң мыкты университет” деп жарыя кылып отурат. Маселе “мыкты” деп жарыя кылып койгон менен чечилбейт да. Азыр “Дордойдун” тачкисттеринин диплому чаң басып үйүндө жатат. Депутаттар, милиционерлер, чиновниктер, мэрлер жасалма дипломдор менен кармалып, ышпалдасы чыгып жаткан кезде эң негизгиси адистерди даярдоонун сапатын көтөрүү күн тартибиндеги №1 маселе да! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер