Ширинка кылгылыкты кылып, башпаанек сурап, өлкөбүздүн атын булгайбы?
“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” дейт. Буга чейин Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев кытай инвесторунан 350 миң доллар акча алдап алып, качып бараткан жеринен УКМКнын кызматкерлери Алматыдан кармап келишкен. Азыр камакта отурат. Ал эми Ширин Айтматова корец улутундагы Юрий Кимдин кафесин иштетүү үчүн ижаралап, банкротко учуратып, карызын төлөбөй бет тырмарлык кылып атканы кандай? Бул боюнча жабырлануучунун видео кайрылуусу соцтармактарга жана сайттарга тарады.
Кызыгы, башта Ширин Айтматова “Үмүт 2020” аттуу кыймылын түзүп, таза шайлоо жана коррупцияга каршы күрөшүү “демилгесин” бетке кармап, шылтоолоп, белгилүү адамдарга жалаа жаап, алардан акча өндүрүү амалына өткөнү анык беле? Эске салсак, Шаршенбек Абдыкеримов менен Райымбек Матраимовго каршы видео кайрылууларды жасап, бир беткей каралоого алганына күбө болгонбуз. “Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл” дечү эле. Аныгында, тилеги таш каап, көп узабай күйөөсү Сыргак Кенжебаев экөөнүн көз боемочулук иштери ачыкка чыгып отурат. Учурда элдин оозун ачырып аткан чактары. “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрүптүр” демекчи, эми Ширин Айтматова кылган иштери үчүн кантип жооп берет? Күтө туралы. Айтмакчы, булар куугунтукка кабылгандай түр жаратышып, батыштан башпаанек сурашып, курулай чагымчылыкка барганы турушабы? Анда Кыргызстандын атына да көө сүйкөлөт, туурабы? Айла жок, баш чайкайсың...
Aryba.kg