Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орозайым Нарматова мандатынан ажырап, мыйзам алдында жооп береби?

Орозайым Нарматова мандатынан ажырап, мыйзам алдында жооп береби?

14-январь, 21:52
7 972 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин коомчулукта Орозайым Нарматованын билими жок, диплому жасалма таризинде болгону талкууланып, кыйла шек саноолорду жаратып келген. Натыйжада, чындыкка жетүү керек да. Бүгүн Нарматова суракка чакырылды. УКМК берегидей маалымат таратты:

“Улуттук коопсуздук органдарына өлкөнүн Жогорку Кеңешине шайлоо учурунда О.Нарматованы 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) 3-курсуна орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматовага ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берүү ыктымалдыгы тууралуу да маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУдагы О.Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө дипломду алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт.

Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда О.Нарматова өлкөдө жок болуп, Россия Федерациясында болгону аныкталды.

Демек, Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет.

Ошол себептен Орозайым Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн күбө катары суракка чакырылып, анын жыйынтыгында ЖАМУга окууга кабыл алуу жана жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилмекчи”.

Ошентип, Орозайым Нарматованын мыйзамсыз негизде дипломго ээ болгону далилдениптир. Билим албай эле жасалма документ аркылуу көз жазгырып келгени ачыкталды. Эми жазасын алары шексиз. Эң ириде депутаттык мандатынан ажырап, кыңыр иши боюнча кутулбас куяга калабы?.. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер