Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек–Ош жолунда унаанын ичинен аял кишинин жансыз денеси табылды

Бишкек–Ош жолунда унаанын ичинен аял кишинин жансыз денеси табылды

05-январь, 19:53
3 192 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Билдирүүгө ылайык, 4-январь күнү саат 21:50 чамасында Ош ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Бишкек–Ош унаа жолунда кызмат өтөп турган учурда “Дэу-Тико” унаасынын айдоочусу келип токтоп, “арттагы унаанын ичинде айдоочу менен жүргүнчү урушуп жатат” деген кабарды айткан. Кызматкерлер унааны издеп барышканда, токтоп турган “Хюндай-Соната” унаасы ордунан жылып жөнөгөн. Унаанын артынан барып токтотуп текшерген учурда, машинанын ичинен аял кишинин жансыз денеси жаткандыгын байкап, кызматкерлер айдоочуну Кара-Суу РИИБине алып барышкан.

Териштирүүдө каза болгон аял Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну, айдоочу Кара-Суу районунун 1983- жылы туулган М.А. аттуу тургуну экени такталган.

Учурда "адам өлтүрүү" фактысы боюнча иш козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Унаа атайын айып короо жайга токтотулуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Супер кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер