Кыргызстандык келин эки жолу ымыркайын сатууга аракет кылган
Социалдык тармак аркылуу төрөлө элек балдарын сата турганын жарыялаган Кыргызстандын жаранын Москва соту төрт жарым жылга эркинен ажыратты. 24 жаштагы кыргызстандык Барнохон Расулжан кызы “Адам сатуу” беренеси менен соттолду.
Татарстанда жашап жаткан бул келин кош бойлуу кезинде жарыкка келчү кызын сата турганын жарыялап, соцтармактарга илген. Бирок ай-күнүнө жетип калган кезде кардарлар ага байланышка чыга алган эмес. Келин оюнан кайтып, төрөлгөн кызын өзү бакмай болгон. Бир жарым жылдан кийин кайрадан кош бойлуу болгон Барнохан Расулжан кызы келечектеги ымыркайына асырап алуучуларды издеп баштайт. Бул учурда “кардар” катары роль ойногон милиция кызматкери баланы 1 миллион рублга сатып алууну макулдашкан. Кийин ымыркай төрөлүп, макулдашкан боюнча баланы сатып, ордуна акчасын алган кезде, аялды кармап кетишкен.
“Азия Ньюс” гезити