Коронавирустун айынан кайгылуу окуя катталды
Индиянын тургуну “коронавируска кабылдым” деп, өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Анхра-Прадеш штатынын тургуну, 50 жаштагы Кришна “коронавируска кабылдым” деп ойлоп, ооруканага текшерилгени барат. Бирок дарыгерлер анда вирус бар экенин, бирок коронавирус эмес экенин айтышат. Бирок, ал дарыгерлерге ишенбей коёт.
9-февралда Кришна “коронавирус үй-бүлөмө жугуп калат” деген ойдо ага эч ким жакындабашын айтат. Ал эми жакындагандарга таш ыргыткан.
11-февралда Кришна үй-бүлөсүн камап коюп, апасынын мүрзөсүнүн жанына барып, өзүнө кол салып, каза тапкан.
Кришнанын баласынын айтымында, өз убагында атасына кимдир бирөө көңүл бөлүп койсо ал тирүү калмак. Баланын өтүнүчүнө тынымсыз байланыш (горячая линия) кызматкерлери дагы кулак салышкан эмес.
Aryba.kg