Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Өмүрбек Текебаевди сабагандар табылып, жазага тартылышы зарыл”

“Өмүрбек Текебаевди сабагандар табылып, жазага тартылышы зарыл”

02-декабрь, 12:44
1 609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Өмүрбек Текебаев сабалды, президент кылмышкерлерди тезинен табуу боюнча тийешелүү кызматтарга тапшырма берди, бул боюнча эмне дейт элеңиз?” деген собол таштадык.

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:

-- Президенттин бул окуя боюнча мыкты реакция кылып, ИИМге тапшырма берип, “кылмышкерлерди тезинен тапкыла” дегени жакшы көрүнүш жана мени бир жагынан кубандырды. Алардын жүздөрү видеодо көрүнүп турат. Кол салуу күндүз болгон. Ансыз деле парламенттик шайлоо бир топ маселени жаратып аткандан кийин кылмышкерлер табылышы шарт. Өмүрбек Текебаевдин каршылашыбы, же Садыр Жапаровду атайын уят кыла турган “душмандарыбы”, же “үчүнчү күчтөр” саясый кырдаалды курчутуу максатында уюштурдубу – бул тезинен аныкталышы керек. Мындай иш жазасыз калбаган оң. Муну “президент уюштурду” дегенден алысмын. Азыр соцтармактарга ушундай маанайда ойлор айтылып баштаганы туура эмес. 

Эсенгул Исаков, коомдук ишмер:

-- “Энергохолдинг” жайгашкан Орозбеков көчөсүнө жумуштар менен барган элем. 20-30дай бир курактуу жаш жигиттер пандемиянын беткабын тагынып турушкан. Аларды көрүп, “шайлоого нааразылыгын билдирип жүргөн пикетчилер го” деп ойлоп койгом. Анан эле кечинде интернеттен окуп калдым, “Өмүрбек Чиркешовичке кол салуу болду” деп. Оюма бир нерсе “тык” этти. Ар бир бийликте “Бөрк ал десе баш алгандар” болот экен. “Садыр Жапаровго кошомат кылгандар ашыкча кетип калышканбы?” деген да ой болду. Президент өзү мындай ыплас ишке барбай турган адам, мындайды уюштурбайт эле. Муну бир кылса кызматта жүргөн чиновниктер (“медвежья услуга” деп коёт эмеспи) креслосун сактайын деп кошомат кылып жасашканбы?.. Менимче, ошолор эле кылып, президентти жаман көрсөттү, акмактар десе! Кандай болгон күндө да Текебаев кыргыз коомчулугунда өз орду бар адам. Атасындай болгон кишини жулмалап, кол тийгизгени туура эмес. Ар бир президентти, тээ Акаевден баштап бузган ушундай кошоматчылар, таманын эле эмес көчүгүн жалаганга чейин барышып, жаман көргөзүп, анан бирдеме болсо ойт берип башка жакка чыга беришет. Ал эми бийликтин катачылыгы – ушундай акмак адамдарды кайра-кайра алып алышат. Андайлар азыр деле бийлик короосунда жүрүшөт. Президент өзү “кармагыла” деди. Жок дегенде ушул окуядан сабак алып, акырына чейин чыгып, ким уюштурганын ачыкка чыгарсын!

Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер, “Манас” орденинин ээси:

-- Жагдайы кандай болуп кеткени азыр белгисиз. Ар кимдин душманы бар. Турмушта өйдө-ылдый коштолуп жүрөт. “Ата Мекен” партиясына терс көз караштагыбы, же Текебаевдин өзүнө өчөшүп жүргөндөр уюштурдубу, эң негизгиси ага кол салуу – бул факт. Пайгамбар жашына келген сакалдуу кишиге тийишкенин мен туура көргөнүм жок. Анын телефонун жулуп алмак тургай, атасындай болгон адамга (тем более тааныбаган адамга) катуу сүйлөө ыксыз көрүнүш. Эми аны ал жакка коёлу. Биринчиден, Кыргызстандын ар бир жаранына гарант боло турган адам – бул өлкө президенти. Мына ушул кишинин эң биринчилерден реакция кылып, “ИИМ кызматкерлери, тезинен кылмышкерлерди тапкыла, кармагыла!” дегени жүрөк жылытты. Буга чейин кайсы президент ушундай реакция кылчу эле? Бул бир жагы, эми экинчи жагы, эгер кылмышкерлерди тез аранын ичинде таппай коюшса, анда “муну бийлик атайын уюштурду, мына тапкан жок, өздөрү кылган” деп катуу сөз кетет. Бу жагы бар. Жеке менин оюмда, алар табылышы керек жана аны ким уюштурганы ачыкка чыкканы оң. Артка жол жок!  

      

Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер