Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Өмүрбек Текебаев бийликке кайрылды
Өмүрбек Текебаев бийликке кайрылды
01-декабрь, 19:35
1 365 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага кол салгандарды бийлик, президент Садыр Жапаров табышы керектигин, бул өлкө башчы үчүн намыстын иши экенин билдирди. Бул тууралуу ал окуя болгон жерде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал эртең менен эле Чүйдүн тургундары чогулуп жатканы, алардын бир тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына барары кабарланып жатканын кошумчалады.
“Бул саясый террор. Саясый мотив менен адамга кол салып, уурдап кеткенге аракет кылышты. Эгерде алар уурдап кетип, тоого алып барышса эмне болмок? Аны айтыш кыйын...”.