Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 12 жаштагы бишкектик окуучу TikTok'то терракт болору тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап келген

12 жаштагы бишкектик окуучу TikTok'то терракт болору тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап келген

25-ноябрь, 04:58
856 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 TikTok'тогу «@krasty.mshn» деген аккаунт Бишкек шаарындагы бир нече мектепте терракт болору тууралуу коркунуч туудурган видеолорду жарыялап жүргөн. Анын видеолорун 23-ноябрда УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын кызматкерлери көрүшкөн.

УКМК билдиргендей, жогоруда аталган аккаунт 2009-жылы туулган Т.А.Ч.га тийешелүү. Ал 12 жаштагы эркек бала, 6-класстын окуучусу, борбор калаадагы мектептердин биринде окуйт. Окуучу коркунуч жараткан видеолорду бейбаштык үчүн жарыялап жүргөн.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 246-беренесинин (“Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо”) 1-бөлүгү менен катталды. Ошондой эле бул окуяга байланышы бар башка жарандар изделүүдө. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер