Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 21 жаштагы жаран компьютерин сындырып салганы үчүн агасын балка менен сабап өлтүрдү

21 жаштагы жаран компьютерин сындырып салганы үчүн агасын балка менен сабап өлтүрдү

24-ноябрь, 11:40
2 203 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандын Жаркент шаарында 21 жаштагы жаран компьютерин сындырып салганы үчүн агасын балка менен сабап өлтүрдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Билдирүүгө ылайык, 21-ноябрь күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө турак үйлөрдүн биринен 30 жашагы жарандын киши колдуу болгон жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам топ шектүү катары маркумдун инисин кармашкан. Тергөөдө окуя болгон күнү апасы менен атасы түнкү нөөмөткө жумушка кеткенин айткан. Түн ортосунда агасы мас абалында коноктон келип, экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Мындан улам агасы анын компьютерин сындырып салган. Андан соң шектүү аны үйдө колдонуп жүргөн балка менен бир канча жолу чаап салган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө деп жазылат маалыматта.

“Супер кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер