Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Бишкекте талапкердин өкүлү добуш сатып алууга шек саналып кармалды
Бишкекте талапкердин өкүлү добуш сатып алууга шек саналып кармалды
17-ноябрь, 20:07
3 208 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бул тууралуу 17-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. УКМК кайсы талапкер экенин ачыктаган эмес. Расмий маалыматка караганда, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин негизинде ("Шайлоочуларды сатып алуу") кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды. Атайын кызмат шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда кармалган адам Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча талапкерлердин биринин С.М.О. аттуу ишенимдүү адамы экенин билдирди.
"Кандидаттын жакын тууганы болгон С.М.О. шайлоо мыйзамын бузуу менен Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөнү аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө соттун санкциясы менен акча каражатын бөлүштүрүү учурунда пара менен кармалган С.М.О.нун добуш сатып алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс фактылар табылган. Кармалган кишинин унаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен ири суммадагы акча каражаты алынган" деп жазылат УКМК тараткан билдирүүдө.