Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалал-Абадда адам сөөгү тамак-аш сакталуучу муздаткычта сакталып жатат

Жалал-Абадда адам сөөгү тамак-аш сакталуучу муздаткычта сакталып жатат

12-февраль, 19:50
808 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалал-Абад облусундагы өлүк сактоочу муздаткыч иштебегендиктен, өлүкканада маркумдардын сөөгүн тамак-аш сакталуучу муздаткычта сактоого туура келет. Бул тууралуу Turmush сайтынын аймактык кабарчы адистерге таянуу менен жазып чыккан.

Жалал-Абад облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун жетекчиси Айбек Исаковдун айтымында, бул абал аларды да ойлонтууда. Анткени дал ошол облустук клиникалык оорукананын өлүкканасындагы муздаткычты алар да колдонушат. Себеби, бюрого тийешелүү эч кандай өлүккана жок. Жадагалса өздөрүнүн имараты да жок.

«Заманбап шарттагы муздаткыч болчу. Былтыркы жылдан бери иштебей турат. Азыр тамак-аш сактоочу муздаткычты колдонууга туура келүүдө. Былтыркы жылы кытайлык жаран жол кырсыгынан каза болуп алып келишкенде, муздаткыч иштебей калгандыгын айтсак, бизди туура түшүнүп, тамак-аш сакталуучу муздаткычты алып келип беришкен. Биз каза болгон адамды бир айдай сактап бергенбиз, анан өз мекенине алып кетишкен. Бирок, бул муздаткыч биздин да, оорукананын да балансында эмес. Муну өлүктү сактоо үчүн алып бергендер демөөрчүлүк иретинде ташташкандыгын да айтышкан эмес. Кайсы күнү алып кетишет, аны билбейбиз» деди ал.

Белгилүү болгондой, облустук ооруканадагы өлүкканада турган чакан муздаткычка бир өлүктү сактоого мүмкүн. Жакында эле Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусунун сөөгү кызы Москвадан келгиче сакталып турду. Айтор, ушул муздаткычтын жардамында өлүктөр сакталып, дарыгерлер абалдан чыгып жатышат. Ал эми облустук ооруканадагы эки көздүү заманбап муздаткыч бузулуп калгандыктан, 2019-жылдын июль айынан бери иштебей турат.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер