“Мошенник” Кудрет Тайчабаров “Азия Ньюс” гезитинен 60 миллион сом өндүрүүгө арыз берди
Бишкек СЭЗдин “шектүү” жетекчиси Кудрет Тайчабаров тарыхта кездешпеген соттошууну баштады. Бул анын жеңилдиги, өзү чала журналист болуп жүрүп, калемгерлерге айгак көрсөткөнүн кантип баалайбыз? Мына негиздемелер!
“Мошенник” Кудрет Тайчабаров коррупция, алдамчылык боюнча камалабы?” деген куш тилиндей суроо маанайында маалымдама “Азия Ньюс” гезитине чыккан. Жигит болсо жооп берип койбойбу? Жо-ок, ал дароо сотко чуркады. “Азия Ньюс” гезитин 50 000 000 (миллион) сомго, авторду 10 000 000 (миллион) сомго айыпга жыгууга ашыгыптыр. “Чын чычалайт” деп кыргызда бекеринен айтылбаса керек го? “Былыгым билине баштаганда башка айыптарым да ачылып кетпесин?” деген күмөн саноо эмеспи? Эмесе, соттошолу! “Азия Ньюс” гезити мындан татаал соттук процесстерди утуп келатат. Албетте, мыйзамдын чегинде.
А баса, биздин гезиттин материалдарын чагылдырган “Aryba.kg” сайтын да 50 000 000 (миллион) сомго сотко берген. Чиновник болумуш Кудрет Тайчабаровдун таза эле обору ачып калган эмеспи? Эмне мамлекеттен “алганы” жетпей, “журналисттерди сызга отургузайын” деген чолок акылы болсо, анда осолдук, жакында оңкосунан түшөрү ыктымал. Бул эргул сын-пикирге эмоция менен атырылып, акыры башына ушул жаңжал муш катары тийбейби? Көрө жаталы...
“Азия Ньюс” гезити