Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 18 жаштагы кызды Таласка ала качып бараткандар кармалды

18 жаштагы кызды Таласка ала качып бараткандар кармалды

03-ноябрь, 11:41
1 221 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2-ноябрь 21:30 чамасында милиция кызматкерлерине "Ала-Тоо" совхозунан эки жигит 18 жаштагы кызды күч менен алып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 

Чүйдө 18 жаштагы кызды Талас тарапка ала качып бараткан үч жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, 2-ноябрь күнү болжол менен саат 22:00дөр чамасында Чүйдөгү "Сосновка" өткөрүү пунктунан ала качуу фактысы аныкталган.

“Саат 21:30дар чамасында милиция кызматкерлерине "Ала-Тоо" совхозунан эки жигит 18 жаштагы кызды күч менен алып кеткендиги тууралуу кабарланган. Алар белгисиз автоунаа менен Талас тарапты көздөй кеткени айтылган. Мындан улам "Перехват" планы жарыяланып, "Сосновка" постунан “Lexus” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган” деп айтылат маалыматта.

Автоунаа ичиндеги үч жигит 18 жаштагы кызды күчкө салып алып кетип баратканы аныкталган. Алар Жайыл райондук тергөө кызматына жеткирилгени кошумчаланды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер