“Полиция кызматкерин башка атты” деген кыргыз 18 жылга кесилди
Москва шаардык соту 44 жаштагы кыргыз улутундагы Нурлан Муратовду 18 жылга кести. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты.
Маалыматтарга ылайык, 2018-жылдын 2-сентябрында кыргызстандык Нурлан Муратовду Андрей Райский аттуу полиция кызматкери документтерин текшерүү үчүн токтоткон. Муратовдун документтери жоктугуна байланыштуу, полиция кызматкери протокол толтуруу үчүн аны “Курская” метросундагы атайын жайга алып барган. Ал жактан Муратов Райскийдин табелдик куралын тартып алып, полиция кызматкерин башка атып өлтүргөн.
Москва шаардык сотунун соттук арачылары (суд присяжных) Нурлан Муратовду “күнөөлүү” деп таап, “аны актоого негиз жок” деп чечим чыгарышкан. Сот арачыларынын чечиминен кийин Москва шаардык соту Н.Муратовду 18 жылга кесүү бүтүмүнө келишкен. Ал 10 жылдан бери Орусиянын жараны болуп келген. Бул тууралуу “Барс медиа” жазып чыкты.
Aryba.kg