Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Өз алдынча жынысын алмаштыргысы келген адам “тез жардам” чакырган
Өз алдынча жынысын алмаштыргысы келген адам “тез жардам” чакырган
10-февраль, 17:17
2 373 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Татарстанда эркек киши өз алдынча жынысын алмаштырууга аракет кылган. Бул тууралуу Татарстан укук коргоо кызматкерлерине таянып, маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Татарстандагы Габишево кыштагынын тургуну өз алдынча жынысын алмаштырууга аракет кылган. Бирок, анын ойлогон ою ишке ашпай, кан кетип, “тез жардам” кызматкерлерин чакырып, ооруканага баруудан баш тарткан.
Муну менен токтоп калбай, баштаган ишин эртеси кайра уланткан. Жыйынтыгында, дагы дарыгерлерди чакырып, күч менен ооруканага жаткырылган. Полиция кызматкерлери батирин текшерген учурда хирургиялык аспаптар табылган.