Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары кармалды
Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары кармалды
27-октябрь, 12:01
526 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) 27-октябрдагы билдирүүсүндө, айыл чарба министринин азыркы орун басары Илич Марсбек уулу жана мурдагы орун басары Амангелди Исаев кармалганы кабарланды.
Расмий маалыматка караганда, айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо материалдык пайда алуу максатында өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алып, жасалма тоскоолдуктарды жараткан кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга министрдин орун басарларынын тийешеси бар экендиги белгилүү болгон. Алар 26-октябрында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК туруктуу коррупциялык схеманы түзүүгө катышкан бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш уланып жатканын кошумчалады.