Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбар Султангазиев: «Немандын» аптекаларына дары сатканга тыюу салынса, коррупциялык жолдор азаят»

Айбар Султангазиев: «Немандын» аптекаларына дары сатканга тыюу салынса, коррупциялык жолдор азаят»

23-октябрь, 11:23
1 172 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамлекет 42 дарынын бааларын көзөмөлдөй турганы белгилүү болду. Бул кайсы дарылар? Кымбат сатылып келген каражаттардын баасы арзандайбы? 

-- Булар биздин рыноктогу парацетамол, цефтриаксон деген арзан баадагы жөнөкөй эле дарылардын тизмеси. Мындай дарылардын түрлөрү көп болгондуктан, көзөмөлгө алышууда. Баасы анча деле кымбат эмес. Негизи кымбат дарылар болуп онкологиялык ооруларга каршы берилүүчү препараттар эсептелет. Бирок, азырынча мындай дармектердин баасын көзөмөлгө алуу эрте. Себеби, аларды бул жакка алдыруунун өзү машакаттуу жумуш. Атайын тапшырык берип, ал оорунун түрү менен 100 адам ооруса гана Кыргызстанга келет. Ошондуктан баалары дагы жогору. Рак ооруларына керектүү дарылардын баасын көзөмөлгө алып баштаса, таптакыр келбей калышы ыктымал. Бул өтө коркунучтуу, адам өмүрүнө түздөн-түз таасир берүүчү жагдайга айланат. 

-- Арзан, жеткиликтүү баада сатылып жаткан дарыларды көзөмөлгө алуу зарылбы?

-- Албетте, көзөмөл болуш керек. Көп түрлүү дарылар болсо, монополияга каршы кызмат фармацевтикалык компаниялар менен бирге иштешип, бааларды аныкташы зарыл. Күч менен эмес, келишимдин негизинде аткарыла турган жумуштар. Болбосо такыр эле дарылар келбей калуу коркунучу бар. Негизи көптөгөн мамлекеттер буга көзөмөл кылышууда. Бирок көзөмөлгө алууну дарыканалардан эмес, мамлекеттик оорканалардан башташ керек. Эмнеге дегенде, ооруканалар дарыны тендер аркылуу алышат. Өзүңүздөр билгендей, ар бир тендер коррупция менен кошотолушу мүмкүн. Мисалы, бир дары Нарында 10 сом турса, Таласта же Баткенде 100 сом болуп калышы ыктымал, айырмасы чоң. Ушул дарыларга эң биринчи көзөмөл керек. Баардык жердеги баа бирдей болушу шарт. 

-- Фармацевтика тармагындагы коррупцияны жоюу мүмкүнбү?

-- Кыргызстанда 10-15 ири фармацевтикалык компаниялар жана ар биринин кожоюндары бар. Алар сөзсүз биздин мурунку чиновниктердин ичинен чыккандар. Себеби, кызматта иштегендердин дары алып келүүгө, сатууга каражаты, тааныштары дагы болот. Ошол себептен «бул тармакта коррупция бар» деп айтса болот, бирок «мафия» деген туура эмес. Тендерлерде бааларды көтөрүп салышат, дарыларды каттоодон өткөргөндө процессти тездетүү үчүн акча алгандары боюнча мурда көп эле фактылар ачыкталган. Ушундай көрүнүштөр арбын. Фармкомпаниялар арасында атаандаштыкты көбөйткөндө гана баалар турукташып, коррупцияны азайтууга шарт түзүлөт. Ал үчүн дарыларды дүңүнөн алып келген компанияларга дарыкана кармоого уруксат бербеш керек. Маселен, «Неман» сырттан дарылардын түрлөрүн алып келет жана дарыканалары аркылуу өздөрү сатат. «Немандын» аптекаларында дары сатканга тыюу салып, дүңүнөн гана таратканга уруксат берилсе, коррупциялык жолдор азаят. 

-- Кризис дары-дармектин бааларына канчалык таасир этти, канча пайызга өстү?

-- Азыр баары эле кымбаттап жатканына байланыштуу көптөгөн дары-дармектердин баасы өстү. Кээ бир дарылар 50 пайызга, айрымдары 70-80 пайызга кымбаттады. Ошол эле учурда логистика, бул жакка ташуудагы баалар жогорулады. Учурдан пайдаланып, бааларды көтөргөн фармкомпаниялар да жок эмес. Элдер көп ооруп жатканына байланыштуу дары-дармекке суроо-талап жогору. Ковидден кийин адамдардын ден соолугу кескин начарлады. Мурун биздин мамлекетке 12 миллиард сомго дарылар алынып келип турган болсо, бүгүнкү күнү бул 15 миллиард сомго көбөйдү. Жөнөкөй сасык тумоо сыяктуу ооруларды дагы оор көтөрүп калдык. Мунун баардыгы ковидден кийинки адамдардын организминин алсыз болуп кеткенинен болууда. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер