Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Абактагы Равшан Жээнбеков медициналык кароодон өттү
Абактагы Равшан Жээнбеков медициналык кароодон өттү
20-октябрь, 11:45
1 091 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлап, дарыгерлердин кароосунан өткөнүн уулу Азат Равшан Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Бүгүн атам ооруканада медициналык кароодон өткөрүлдү. Бардыгы жакшы болот деп ишенем» деп жазган ал.
Эске салсак, Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда абактан бошотулган. Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин кабыл алган.