Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Сүйүктүүсү башкага үйлөнө турганын укканда, аларды ууландырып өлтүрүүгө аракеттенген аял кармалды
Сүйүктүүсү башкага үйлөнө турганын укканда, аларды ууландырып өлтүрүүгө аракеттенген аял кармалды
18-октябрь, 17:34
1 411 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Окуя Бразилияда болгон. Күйөө менен колукту үлпөт тойго даярданып жатканда, аларга белек катары белгисиз бирөөлөрдөн таттуу шоколад жана бир нече даана хрусталь чөйчөктөр келген. Досторунан келди деп ойлогон 35 жаштагы Дион менен 27 жаштагы колукту Аманда таттууларды ачып, “тойдун асты” деп жакындары менен бирге ооз тиймекчи болушат. Шоколадды тойго даярданып жаткан жакындарына, эки жашар наристеге, ошондой эле жакшы көргөн итине берген. Бир нече сааттан кийин баары өздөрүн жаман сезе башташкан. Баарын “тез жардам” кызматы ооруканага алып кеткен. Ит каза болуп, калгандары оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Кийинки күнү жалпы ууланган үй-бүлөнүн абалынан шектенген полиция кызматкери Диондун мурунку сүйүктүүсү Квирито экенин таап чыгышкан. Квирито кылганын мойнуна алып, болгону анын сүйүктүүсү башкага баш кошуп, анын ордуна башка бирөөнү колтукташын каалабаганын, кызганычтан улам шоколад аркылуу уулантып өлтүрүүгө аракет кылганын айткан. Сырттагы видео байкоолордон ууландырылган шоколадды курьер алып келип бергени ачык түшүп калган. Полиция кызматкерлери курьер аркылуу Квирито экенин аныкташкан. Ал эми Квирито болсо шоколадга кандай зат кошуп ууландырганы азырынча белгисиз.