Акыркы кабарлар
» Кылмыш » 13 жашар кыз өз жанын кыюуга аракеттенип...
13 жашар кыз өз жанын кыюуга аракеттенип...
18-октябрь, 12:24
1 513 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ош шаарындагы Авиценна көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу үйдүн батиринин тургуну өз жанын кыюуга аракет кылган кезде куткарылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, 17-октябрда 2008-жылы туулган О.А. аттуу кыз балкондон секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Куткаруучулар кыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аман-эсен куткарып, ата-энесине өткөрүп беришкен. Жеринде 4 куткаруучу иш алып барды.