Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Түркияда эркек киши кыргызстандык келинин өлтүрүп, сөөгүн бөлүп салган
Түркияда эркек киши кыргызстандык келинин өлтүрүп, сөөгүн бөлүп салган
13-октябрь, 11:51
1 708 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Түркияда эркек киши Кыргызстанда туулган жаранды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Түркиянын ЖМКларына таянуу менен “Барометр” жазып чыкты.
Окуя Текирдаг шаарында болгон, 65 жаштагы Фехми 31 жаштагы кыргызстандык келини Аят А. менен уруша кеткен. Келиндин эки баласы бар болчу. Ошол күнү анын жолдошу үйдө болгон эмес.
Фехми менен Аяттын айтышы чатакка айланып, эркек киши анын бычактап өлтүргөн. Андан соң сөөгүн жашырыш үчүн аны жиликтеп, бир бөлүгүн таштанды челекке ыргытып, экинчи бөлүгүн унаанын багажнигине каткан. Ошол кезде келип калган кайненеси окуяны көрүп, кошуналарына айтып, алар полиция чакыртышкан.