Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда беш кыргызстандыктын сөөгү табылды

Россияда беш кыргызстандыктын сөөгү табылды

12-октябрь, 12:07
1 819 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон жети кыргызстандыкты издеп жатат. 2021-жылдын тогуз айында Россияда жалпы 64 кыргызстандык жаран издөөгө алынып, 57синин дайыны табылды.

Жоголгон жарандардын 47си быйыл, калган ону мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон. Алардын ичинен төрт жарандын сөөгү киши колдуу болуп өлгөн белгилер менен өлүкканадан табылса, моргдогу дагы бир кыргызстандыктын ким экени билинбей, ДНК анализдери алынган.

Бир жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн, сегиз киши эркинен ажыратылган жерлерден табылды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылдагы жалпы эсеп боюнча жети киши дайынсыз болууда. Анын үчөө мурдатан бери изделип келген. ИИМ өкүлчүлүгү айрымдан Кыргызстанда калган туугандары акча талап кыла бергендиктен, из жашырып кеткен учурлар да болуп жатканын эскертти.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер