Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Кыргызстанда баңгизатын саткан 80 онлайн-дүкөн аныкталды
Кыргызстанда баңгизатын саткан 80 онлайн-дүкөн аныкталды
29-сентябрь, 20:19
4 144 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда үч жылдын ичинде баңгизатын сатуу боюнча 80 онлайн-дүкөн аныкталды. Бул тууралуу брифинг маалында ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов билдирген.
“30 онлайн-дүкөндү бөгөттөөгө мүмкүн болду. Түйүн аркылуу синтетикалык баңгизаттарын жайылтуу менен иш алып барган бир канча эл аралык топтордун ишмердиги аныкталды. Анын ичинде Россиянын, Өзбекстандын жана Түркиянын жарандары бар” деп айтты ал.
Баңгизатынын ири бөлүгү интернетте Telegram-каналдар аркылуу сатылган. Баңгизатын сатуунун бул жаңы түрүнө каршы аракеттенүү боюнча бөлүм ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында 2018-жылы түзүлгөн.