Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Москвада Кыргызстандын жаранын атып кетишти
Москвада Кыргызстандын жаранын атып кетишти
29-сентябрь, 11:58
4 132 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен маалымдашкан.
Москва шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын берген маалыматтарына таянсак, 27-сентябрда «02» кызматына 1995-жылы туулган Кыргызстандын жараны октон жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Жигит Кара-Суу районунда туулганы аныкталды. “Тез жардам” кызматы аны “баш мээнин ачык түрдө травматикалык жабыркашы” деген диагноз менен алып кеткен.
Бул факты боюнча Россиянын Кылмыш кодексинин 111-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Жабыркаган жигиттин абалы оор.