Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уксус ичип каза болгон келиндин кайненеси соттолду

Уксус ичип каза болгон келиндин кайненеси соттолду

28-сентябрь, 18:32
3 853 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Келини жакпаганы үчүн аны тымызын каарып, кодулаган. Жыйынтыгында келин уксус ичип каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, окуя Тажикстандын Турсунзаде шаарында болгон. Кайнене келини Хуршиданы жактырбай келген. Дайыма аны кодулап, кээде кол көтөрүп да койгон. Мындай кысымга чыдабай 26 жаштагы келин уксус ичип каза болгон. Ал эми маркумдун атасы кызы өзү уксус ичпегенин, анын денесиндеги көгалалар менен сыйрылган жерлер бирөө аны уруп, кыйнап оозуна куйганын билдирет. “Сот адилет карабай жатат деп айтууда. Ал эми сот болсо каардуу кайненени беш жылга эркинен ажыратты.

Айрым маалыматтарга караганда, келини Хуршеда Холмуродова Турсунзаде шаарындагы медициналык колледждин 4-курсунун студенти болгон. Келиндин билим алуусуна  күйөөсүнүн туугандары каршы болуп келишкен.
Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер