Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Изделип жаткан 16 жаштагы Хадича Болотбекованын жансыз денеси табылды
Изделип жаткан 16 жаштагы Хадича Болотбекованын жансыз денеси табылды
21-сентябрь, 17:40
3 459 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Чүйдө үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан 16 жаштагыХадича Болотбекованынжансыз денеси табылды. Бул туурасында бүгүн, 21-сентябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Хадича Болотбекованын жансыз денесин Серафимовка жана Туз айылдарынын тургундары суу сактагычтын жээгинен табышкан.
“Денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган жок. Кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан таанылды. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө” дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, Хадича Болотбекова 15-сентябрь күнү таңкы саат 05:00 чамасында Ысык-Ата районунун Жайылма айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, туугандары тарабынан издөөгө алынган.
“Супер кж”