Күйөөсү аялын “көзүмө чөп салдың” деп бензин чачып өрттөп салган
Өзбекстанда күйөөсү аялын “көзүмө чөп салдың” деген күмөн менен лифтте бензин чачып, өрттөп салган. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары Жизак шаардык прокуратурасынын басма сөз кызматына таянып билдиришти.
Маалым болгондой, жогорудагы үрөй учураган окуя үстүбүздөгү жылдын 31-январында орун алган. С.Х. аттуу жаран жубайын чыккынчылыкка шектеп, Жизак шаарынын Мустакиллик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги лифтте жубайлар ортосунда жаңжал чыгат. Уруш күчөп отуруп, күйөөсү аялынын кош бойлуу экенин билип туруп, өлтүрүү максатында өзү менен ала келген бензинди ага чачып, өрттөп салган.
Аталган факты боюнча Жизак шаардык прокуратурасы Өзбекстанга тийешелүү мыйзамдар боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми өрттөлгөн кош бойлуу аял тирүү калганы же өлгөнү тууралуу азырынча маалымат бериле элек.